• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткен облусу III ДКОдо 8 номинация боюнча байгелүү орундарга ээ болду

ДКО 2018 0

Бишкек, 07.09.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн маданий сынактардын жүрүшүндө Баткен облусу “Көркөм сүрөт” номинациясы боюнча республикада 1-орунга ээ болду.

Ал эми “Театрлаштырылган каада салт” номинациясында көп улуттуу Баткен облусунун улуттар аралык ынтымагын жана ар улуттун каада салтына болгон урмат сый мамилесин чагылдырып, 2-орунга татыктуу деп табылды.

Улуттук тамак аштардын түрүн даярдап, көргөзгөн “Гүлазык” номинациясында да 2-орунга татыды.

Улуттук кийим кечелер сынагында 3-орун, “Элдик каада салт” боюнча 2-орунга ээ болду.

Ошондой эле чоң сынактардын алкагында өткөрүлгөн кичи сынактар “Камчы өрүү” 2-орун, “Жүк жыйуу” 2-орун, “Терме терүү” 3-орун, "Саркеч кийимдер” боюнча 3-орун ыйгарылды.

Ошондой эле КРнын биринчи вице-премьер- министри Кубатбек Боронов 150 миң сом атайын сыйлыкты КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун орун басары Чынара Саттаровага тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий