Көчмөндөр оюндары дүйнөгө кыргыз элинин биримдигин жана достугун көрсөттү – Саматбек Ибраев

ДКО 2018 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөгө кыргыз элинин биримдигин жана достугун көрсөттү. Бул тууралуу “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары келечектеги гармониялуу дүйнөнү куруу үчүн модель катары” аттуу тегерек үстөлдүн жүрүшүндө Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси Саматбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, көчмөндөр оюндары дүйнөнүн ар кайсы бурчун кайдыгер калтырган жок.

“Жыл өткөн сайын Көчмөндөр оюндарына келген катышуучу өлкөлөрдүн, спортчулардын жана туристтердин саны көбөйүүдө. Бул этномаданияттын, этноспорттун жана толеранттуулуктун түзүлүшүнө өзгөчө салым кошот. Оюндар көчмөндөрдүн философиясын, маданиятын, каада-салттарын жана турмушун көрсөттү”, - деди ал.

Ибраев ДКО маданият өкүлдөрүн жана спортчуларды гана эмес, окумуштууларды дагы чогултканын белгиледи.

“Дүйнөдөгү көптөгөн элдер көчмөн болушкан. Алар өздөрүнүн салттарын сактап калышкан. Көчмөндөр Азияда, Африкада жана Америкада бар. Оюндар бул жөн гана спорт эмес, ага терең кароо керек. Этнофестивалда биз ар кайсы элдердин салттарын көрдүк. Этнофестиваль элдердин гармониялуулугун жана маданиятын көрсөттү. Программага ак илбирсти жана мөңгүлөрдү сактоо боюнча элементтер киргизилген. Бул жаратылышты сактоого чакырык болду”, - деди ал Көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өткөнүн айтып.

Пикир

Оставить комментарий