Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчылары жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров жолугушту. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, облус башчылары баштаган эки тараптын делегациясынын достук сапары Кадамжай шаарындагы ыйык "Азирети Али" сыйынуучу жайында куран окуу менен башталды.

Жолугушуу эки облустун туризмди өнүктүрүү багыты боюнча достук кызматташтык максатында уюштурулуп, эки тараптан тиешелүү облустук мекеме-ишканалар, район акимдери жана туризм багытында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн туристтик компаниялар жана белгилүү маданияттын кызматкерлери, жаштардын өкүлдөрү болуп эки облустан чоң делегация катышууда.

Андан соң эки өлкөнүн Баткен жана Фергана облустарынын башчылары А. Алимбаев жана Х. Бозаров баштаган делегация Кадамжай районундагы Курбан-Көл эс алуу жайынын туристтик сезонунун ачылуу аземине катышып, туристтерди кабыл алуу үчүн расмий ачып, эс алуу аймагы менен кенен таанышып чыгышты.

Курбан-Көл эс алуу жайы Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүндө жайланышкан. Эки бөлүктөн турган Курбан-Көлгө 1200 метр аралыктагы асма жол аркылуу өтүшөт. Туристтер үчүн керектүү шарттар түзүлгөн.

Кыргыз-өзбек делегациясы андан ары Өзбекстандын Шахимардан анклавында өзбек эли менен жолугушту.

Бул достук, кызматташтык жана туризмди өнүктүрүү боюнча жолугушуу буга чейин эки өлкөнүнүн президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёевдин Өзбекстандын Ташкент шаарындагы достук жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыкты жогорку деңгээлге алып чыгуу боюнча макулдашууларынын алкагында өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий