• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Жашыл” технологияны ташуучулар импортко бажы алымдарын кайра карап чыгууну суранышты

Коом 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. “Жашыл” технологияны ташуучулар Кыргызстанга импорттоого бажы алымдарын кайра карап чыгууну суранышты. Мындай сунуш “жашыл” технологияларды өндүрүүчү жана ташуучу компаниялардын өкүлдөрү менен консультативдик жолугушууда айтылды.

Туризм департаментинин экс-директору Максат Дамир уулу мейманкана бизнеси үчүн каралган экологиялык товарларга бажы алымдарын азайтууну сунуштады.

Кыргызстандын ташуучулар ассоциациясынын башчысы Гүлнара Ускенбаева Салык кодексинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн дагы, үчүнчү өлкөлөрдөн дагы өлкөгө алып кирүүдө салыктан бошотулган товарлардын категориясы бар экенин белгилеп, энергияны жана ресурстарды үнөмдөө стандарттарынын нормаларына ылайык келген товарларды аталган категорияга киргизүүгө болорун билдирди.

Экономист Азамат Алекеев энергияны үнөмдөөгө багытталган товарларды салыктан бошотуу зарыл экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий