• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткен облусунда 20 жумушсуз аялга тигүүчү машиналар берилди

Аймак 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Баткен облусунун алыскы чек аралаш айылдарындагы жумушсуз аялдарга “Абийир” коомдук кайрымдуулук фонду жана “Smart Generichn” коомдук фондунун колдоосу менен тигүүчү машиналар берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова жана аталган фонддордун жетекчилери, тигүүчү машиналарды кечээ, 15-фералда Лейлек районунун чек арадагы Максат, Арка, Маргун айылдарындагы аялдарга тапшырса, бүгүн Кызыл-Кыя шаарында тапшырууда.

Жалпы облус боюнча 20 аялга 20 тигүүчү машина берилди.

Бул иш-аракеттин максаты - аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, киреше табуу менен жашоо шартын жакшыртуусуна көмөктөшүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий