• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Былтыр Баткен облусунда 14 мектептин курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. 2024-жылы Баткен облусунда 14 мектептин курулушу аяктады.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, өткөн жылы облуста 31 мектептин курулуш, капиталдык оңдоп-түзөө, долбоорлоо иштери жүрүп, жыл соңунда 14 билим берүү мекемесинин курулушу аяктап, эксплуатацияга тапшырылган.

Алар төмөнкү мектептер:

  • Баткен шаарындагы С.Айтматов орто мектеби;
  • Баткен районунун Таян айылындагы Таян орто мектеби;
  • Баткен районунун Кайыңды айылындагы Ж.Турусбеков орто мектеби;
  • Кадамжай районунун Көк-Талаа айылындагы К.Саттаров орто мектеби
  • Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылындагы Дыйкан орто мектеби;
  • Кадамжай районунун Чандеки айылындагы Х.Жаныбеков орто мектеби;
  • Кадамжай районунун Халмион айылындагы Халмион орто мектеби;
  • Кадамжай районунун Алыш айылындагы Козубаев орто мектебинин капиталдык оңдоп-түзөө иштери;
  • Лейлек районунун Сары-Дөбө айылындагы Сары-Дөбө орто мектеби;
  • Лейлек районунун Лайли айылындагы Лайли негизги мектеби;
  • Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагындагы Кара-Булак орто мектебинин капиталдык оңдоп-түзөө иштери;
  • Лейлек районунун Андарак айылындагы Илим орто мектеби;
  • Лейлек районунун Коргон айылындагы К.Сабыров орто мектеби;
  • Кызыл-Кыя шаарындагы Гулматов орто мектебинин капиталдык оңдоп-түзөө иштери.

Пикир

Оставить комментарий