• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жалал-Абад милициясы жаштарды кылмыштуулуктан алыс болууга чакырат

Аймак 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык милициясынын Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери билим берүү мекемелеринде окуучулар жана студенттер менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык мэриянын, билим берүү, үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери жаштарды кылмыштуулуктан, укук бузуулардан алыс болууга чакырышты. Мыкты билим жана татыктуу тарбия алып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга үндөштү. Ошондой эле эрте никеге туруунун, мектеп рекетчилигинин, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алууда биргелешип иштөө керектиги айтылды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын аймагында 20 мектеп, 4 окуу жайы жана 4 лицей бар.

Пикир

Оставить комментарий