• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Баткенде саат 20:00гө карата абал тынч, кыргыз-тажик облус башчыларынын жолугушуусу башталды

Аймак 0

Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 21-сентябры саат 20:00гө карата Баткен облусунун аймагында абал тынч. Ок атышуу катталган жок. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, социалдык тармактарда чек арага байланыштуу айтылып жаткан расмий эмес маалыматтар чындыкка дал келбейт.

"Андыктан, баарыңыздарды такталбаган маалыматка ишенип, дүрбөлөң салбоого чакырабыз. Саат 19:30да Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери Абдикарим Алимбаев жана Раджоббой Ахмадзоданын күч структураларынын жетекчилери менен бирге жолугушуусу башталды", - деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүктөн кошумча маалымат бериле тургандыгын айтышты.

Пикир

Оставить комментарий