• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Баткен облусунда үй чарбалар 100% "Санарип аймак" программасына катталды

Аймак 0

Бишкек, 18.02.24. /Кабар/. "Санарип аймак" программасынын негизинде Баткен облусунун айыл өкмөттөрүндөгү чарба китептер электрондук чарба маалымат базасына киргизилүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус боюнча 586 миң 148 калк жашаса, санарип аймак тутумуна катталган жарандар 460484 же 78,56 % көрсөткүчтү түзөт. Ал эми жалпы үй-чарбаларынын саны 80 миң 7 болсо, анын баары санарип аймак тутумуна катталып, 100% көрсөткүчтү түздү.

Бүгүнкү күндө жарандар өзүнө тиешелүү маалым каттарды "Түндүк" системасынан мобилдик тиркеме аркылуу алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, бул аракеттерди жайылтуу боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Ошондой эле электрондук иш кагаздарды жүгүртүү системасы боюнча райондук мамлекеттик администрациялар, мэрия жана 31 айыл өкмөттөрү "ИнфоДокс" электрондук иш кагаздарын жүгүртүү системасына толук өткөн.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, райондук мамлекеттик администрациялар, шаар мэриялары жана айыл өкмөттөрү автоматташтырылган маалыматтык системасынын Е-кызмат тутумун толук 100% ишке киргизүү менен аны ийгиликтүү колдонуп келе жатат.

"Бул иш аракеттер КР министрлер кабинетинин "Санарип Кыргызстан 2019-2023" цифралык трансформациялык Концепциясын турмушка ашыруу максатын көздөйт. Ага ылайык, облустун аймагындагы район-шаарлар жана 31 айыл өкмөттөрү бүгүнкү күндө интернет байланышы менен толук камсыз болгон", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий