"Куттуу эл" улуттук форумунун алкагында "Жылдызы жанган Жалал-Абад" иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.02.24. /Кабар/. 16-фералда "Куттуу эл" улуттук форумунун алкагында "Жылдызы жанган Жалал-Абад" иш-чарасы өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара КР президентинин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык ѳнүгүүсү жана дене тарбиясы", "Улуттук нарк жөнүндө" кабыл алынган жарлыктарын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Ага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касманбетов, президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган район, шаар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жаштар, Ош облусунун башчысы, Баткен облусундагы өкүлдүн орун басарлары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө кыргыз элинин каада-салт, үрп-адат, нарк-насилин сактоо, ынтымакты бекемдөө, жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо жаатындагы ой-пикирлер айтылды.

Абсаттар Сыргабаев саамалыкты өткөрүүнүн дагы бир максаты, бүгүнкү ааламдашкан дүйнөдө Кыргыз элинин уникалдуулугун, ата-бабалардын кылымдардан бери сакталып келе жаткан бай тарыхый мурасын, маданий жана руханий баалуулуктарын аздектөө жана жайылтуу болуп саналаарын белгиледи.

"Элибиздин нарк-насили, каада-салты, үрп-адаттарынын мааниси, андагы камтылган терең философия - ата-бабаларыбыздын даанышмандыгын, жөн гана билүү эмес, жашоону терең түшүнгөндүгүн айгинелейт.

Соңку жылдары мамлекетибизде элибиздин күнүмдүк турмуш тиричилигин жакшыртууга багытталган социалдык-экономикалык долбоорлордон сырткары, ысырапкорчулукту жоюу, улуттук баалуулук, адептүүлүк, этностор аралык ынтымакты бекемдөө, жарандардын өзүн таануусун калыптандырууга өзгөчө маани берилүүдө", – деди Сыргабаев.

Иш-чарада "Кут дарыган Жалал-Абад", "Жалал-Абаддын залкар инсандары", "Баатырлар жердеген Жалал-Абад" аталышындагы баяндамалар жасалды. Мындан сырткары, "Барпы апыз" театралдаштырылган чыгармасынан үзүндү коюлуп, Манас айтылды. Облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын чыгармачыл жамааты тарабынан концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, саамалык президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий