• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абад облусундагы 8 райондун акимдерине кызматтык унаалар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 25-февралда Жалал-Абад облусундагы 8 райондун акимдерине кызматтык унаалар берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалардын ачкычын президенттин администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, Жалал-Абад облусунун куратору Улан Маматканов, Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев тапшырды.

Облус башчысы бул аракет мамлекет тарабынан район жетекчилеринин жумушун жеңилдетүү, аймактардагы көйгөйлөрдүн ыкчам чечилүүсүнө шарт түзүү болуп саналарын айтып, акимдерди өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарууга чакырды.

Белгилей кетсек, райондун акимдерине берилген Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар 2023-жылы чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий