• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө жайкы мезгилде эс алуучулардын жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 04.06.22. /Кабар/. Кечээ, 3-июнда КР ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Ысык-Көл облусунун ички иштер органдарынын жетекчилик курамы менен жайкы туристтик мезгилде эс алуучулардын жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча жумушчу кеӊешме өткөрдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Жумушчу кеӊешмеде башкармалыктын, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары маалымдагандай, жайкы эс алуу мезгилинде укук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык күчтөр жана каражаттар тартылган. Курорттук эс алуу жайларынын техникалык бекемдилигинин абалдары жана видео байкоо камералары менен жабдылышы текшерилди. Бардык аныкталган кемчиликтер боюнча тиешелүү маалыматтар мамлекеттик органдарга киргизилген.

Милициядан белгилешкендей, мурунку туристтик мезгилдердин ишин талдоонун негизинде туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында облустук ички иштер органынын ыкчам-кызматтык ишмердүлүүгүнө кошумча толуктоолор киргизилген. Орун алып жаткан кырдаалды жана туристтердин агымын эске алуу менен жайкы туристтик сезондо коопсуздукту камсыздоого тартылган күчтөрдүн жана каражаттардын жайгаштыруусуна, өз убагы менен түзөтүүлөр киргизилип турмакчы. Популярдуу курорттук зоналарда жана туристтик багыттарда кызмат кыла турган милициянын кайгуул-күзөт жана мобилдик топтордун каттамдары күчөтүлгөн.

Милициянын аймакттык ыйгарым өкүлдөрү, ыкчам кызматкерлер менен биргеликте туристтер жана эс алуучулар жайгашкан туристтик объектилерди ар дайым мониторинг кылып турушмакчы. Жол коопсуздугун камсыздоо үчүн постторду жайгаштыруу дислокациясы иштелип чыкты, жолдордо болсо видеокамералар орнотулду. Эс алуучулардын жана туристтердин билдирүүсүнө жана кайрылуусуна өз убагында жооп берүү үчүн бекитилген график боюнча курорттук жана ден соолукту чыңдоочу жайларга милициянын көчмө кабылдамалары келип турат.

Жумушчу кеӊешменин жүрүшүндө Октябрь Урмамбетов Ысык-Көл облусунун ички иштер органынын жетекчилерине эс алуучуларга жана туристтерге карата кылмыштардын алдын алуу боюнча профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Өздүк курам арасында мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо боюнча күнүмдүк инструктаждарды өткөрүүнү талап кылды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө жол эрежелеринин талаптарын аткаруу жана кол кырсыктарды болтурбоо боюнча иштерди күчөтүү милдеттерин тапшырды. Жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген айдоочуларга өзгөчө көңүл бурууну эскертти. Ички иштер бөлүмдөрүнүн тийиштүү кызматтары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын болтурбоо, ошондой эле жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежелерин так сактоо боюнча жергиликтүү калк арасында тынымсыз түшүндүрүү иштерин кол алуу милдетин белгиледи.

«Ар бир адам, мейли Кыргызстандын же башка мамлекеттин жараны болсун, милиция кызматкерин көргөндө, өзүнүн коопсуздугун сезип, милиционерди өзүнүн коргоочусу катары көрүп, кандай гана шартта болбосун, андан жардам аларын сезип турушу керек. Тагылган милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн, милиция кызматкери жарандардын, коомдун жана мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарынын корголушун камсыз кылып, кызматка толугу менен берилген, өз мамлекетинин патриоту болушу керек», - деди министрдин орун басары.

Жумушчу кеӊешменин акырында Октябрь Урмамбетов жайкы туристтик мезгилдин жыйынтыгы менен Ысык-Көл облусунун ички иштер органдарынын жетекчилердин ишмердүүлүгүнө тийиштүү баа берилерин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий