• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү, абал туруктуу – КР Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 04.06.22. /Кабар/. 2022-жылдын 4-июну саат 09.20га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, түн тынч өттү, эч кандай терс окуялар жана чыр-чатактар катталган жок.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана коргоо боюнча тапшырмаларды аткарууну улантууда.

Белгилей кетсек, буга чейин КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөө учурунда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин байкашканын билдирген. Кыргыз жоокерлеринин Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей ок чыгарган.

“Жыйынтыгында эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин ортосунда атышуу чыгып, тажик тарап миномёт колдоно баштаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок. Кырдаалды турукташтыруу максатында окуя болгон жерге УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы К. Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын командири Р. Миршакиров жөнөп кетти”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин КР Чек ара кызматы Тажикстан чек арага оор техника каражаттарын тартып жаткандыгын кабарлаган.

“Тажик тарап аскердик оор техника каражаттарын чек арага тартууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн бардык чаралар көрүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Болжол менен саат 14:15те ок атышуу токтоп, тараптар сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий