• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Баткен облусунда ИИМдин түзүмдүк бөлүктөрү үчүн жаңы 6 имарат ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 07.10.24. /Кабар/. Баткен облусунда Ички иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүктөрү үчүн жаңы 6 имарат ишке берилди. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-октябрда Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда 2 айылдык милиция бөлүмчөсү, 3 милициянын аймактык пункту жана Ички аскерлердин бөлүгүнүн имараты пайдаланууга берилди.

Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, анын орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы Дамир Алыбаев, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев, Баткен облустук милициясынын башчысы Улан Жукенов, милиция кызматкерлери, коноктор жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Улан Ниязбеков бул имараттар президенттин тапшырмасы менен кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата ачылып жатканын белгиледи.

Аны менен катар Улан Ниязбеков жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, андан соң иш-чаранын катышуучулары менен биргеликте жаңы ачылган имараттардагы түзүлгөн заманбап шарттар менен таанышышты.

Пикир

Оставить комментарий