Баткен облусунда "Кызыл-Бел" бекетинин бажычылары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) кызматкерлери тарабынан Баткен облусунда "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрмө жайынын бажычылары кармалды. Бул маалыматты агенттикке Финполдон тастыкташты.

Алдын ала маалыматка караганда, бажы кызматкерлери бизнесмендерден пара талап кылышкан.

Ведомстводон иштин чоо-жайы тууралуу кошумча маалымат бериле тургандыгын айтышты.

Пикир

Оставить комментарий