• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Новопокровка айылында түзөтүү мекемесине баңгизат киргизүү аракети көрүлгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Чүй облусунун Новопокровка айылында жайгашкан Жазаларды аткаруу кызматынын №3 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери мекеменин аймагына тыюу салынган буюмдарды өткөрүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-сентябрда саат 01.45 чамасында мекемеге скотч менен оролгон 3 таңгакты ыргытууга аракет кылган учурда Ш.У.Ж . аттуу КР жараны кармалган.

Милициядан белгилешкендей, таңгактын ичинен кара-жашыл түстөгү, гашишке окшош өзгөчө жыты бар жалпы салмагы 1 кг 70 граммды түзгөн зат табылган.

Кармалган адам жана чогултулган материалдар кошумча тергөөгө өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий