• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Баткен облусунда милиция айымдар сыйланды

Коом 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-мартта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов Баткен облусундагы ички иштер органдарынын аялдар жамаатын, ошондой эле милиция айымдарды 8-март - Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, ИИМдин жана Баткен ОИИБнын сыйлыктарын тапшыруу аземинде башкармалыктын башчысы Мурат Боронов жылуу каалоо тилектерин айтып, катарда тизилип турган айымдарга баалуу белектерди тапшырды.

“Милиция кызматынын ар кандай оор түйшүктөрүн, күжүрмөн эмгегин аркалап келе жаткан кызматкерлердин арасында эр-азаматтардан кем калышпай, алардын катарында жарашыктуу милициянын кийимдерин кийген, ыйык Мекен алдында ант берген кыз-келиндерибиз менен биз сыймыктанабыз. Кыргыз тукумун улаган энесиздер!

Сиздердин ар бириңиздердин өлкөгө кошуп жаткан салымыңыздар зор. Сиздерге узак өмүр, бак-таалай жана ийгиликтерди каалайм. Ааламдагы бардык сулуулук, улуулук, аруулук, тазалык аялзатында. Кымбаттуу, сымбаттуу апалар, эже-карындаштар, айымдар, кыздар, майрамыңыздар кут болсун”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий