• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, «Сосновка» посту жабылды

Коом 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, саат 11:30дан тарта «Сосновка» посту унаалардын бардык түрү үчүн жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 120-121-чакырымында (Абла тилкеси) кар көчкү түшкөн. Кардын көлөмү такталууда. Учурда жол убактылуу жабык.

Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн атайын техника жана куткаруучулар тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий