Бишкек, 11.04.02. /Кабар/. Баткен облусунда санитардык-карантиндик көзөмөл постторуна видеокамералар орнотулууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, облуста 4 негизги, 23 ички санитардык-карантиндик көзөмөл посттору коюлуп, күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Учурда Лейлек районунун кире беришине жана Тажикстан менен чектеш аймактардагы карантиндик посттордо видеокамералар орнотулууда.
Пикир
Оставить комментарий