• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кара-Сууда муктаж болгон үй-бүлөлөргө 560 миң сомдук жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы жалпы мечиттерде масштабдуу кайрымдуулук иш-чаралары уюштурулууда. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата жалпы район боюнча 249 аз камсыз болгон, оорулуу жана жалгыз бой энелерге ун, өсүмдүк майы сыяктуу зарыл азык-түлүктөрдөн турган жардамдар таратылды.

Мечиттерде көрсөтүлгөн жардамдар төмөнкүчө:
«Жийделик» мечитинен 35 үй-бүлөгө 145 миң сомдук;
«Нур-Ислам» мечитинен 55 үй-бүлөгө 110 миң сомдук;
«Алим тепе» мечитинен 32 үй-бүлөгө 91 200 сомдук;
«Сармазар» мечитинен 50 үй-бүлөгө 62 500 сомдук;
«Бешкапа» мечитинен 32 үй-бүлөгө 96 миң сомдук;
«Умар» мечитинен 30 үй-бүлөгө 30 миң сомдук;
«Бирдик» мечити 8 үй-бүлөгө 8 миң сомдук;
Ал эми «Зубайр ибн Аввам» мечити 7 үй-бүлөгө 20 600 сомдук жардам көрсөтүлдү. Аталган жардамдардын жалпы суммасы 563 300 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий