Караколдогу зоопарктын алдына арстандын эки баласын таштап кетишкен

Аймак 0


Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. 2023-жылдын 30-мартында болжол менен саат 05:30дар чамасында Каракол шаарындагы "Бугу-Эне" коомдук фондунун (зоопаркына) алдына арстандын эки баласын таштап кетишкен. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет

Маалыматка ылайык, министрликтин Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери "Бугу-Эне" коомдук фондунун кызматкерлери менен биргеликте жеринен акт түзүшкөн.

"Арстандын балдарына ветеринардык кароо жүргүзүлүп, абалдары жакшы эмес экени, тактап айтканда, - бирөөсүнүн арткы буттары иштебей жатканы аныкталды. Алар тиешелүү жакка өткөрүп берилди, ал жакта толук кандуу реабилитациялоо иштери жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Арстандын балдарын ким таштап кеткендигин аныктоо боюнча укук коргоо органдарына башкармалык тарабынан кат жолдонду.

Пикир

Оставить комментарий