• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Социалдык контракт". Жумгал районунда 103 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

Аймак 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Жумгал районунун 103 жакыр үй-бүлөсү "социалдык контракт" долбоорунун алкагында 100 миң сомго сертификат алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондун борбору Чаек айылында "социалдык контракт" долбоорунун алкагында 100 миң сом грант алууга сертификаттарды тапшыруу аземи өттү. Иш-чарага эмгек министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев, ошондой эле жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү катышты.

"Райондун жашоочуларына жеке бизнесин баштоо үчүн 30 сертификат тапшырылды, ал эми район боюнча жалпы 103 сертификат тапшыруу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий