• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Жылкыбаев: Ошто 52 миңден ашык үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди

Аймак 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө 52 миңден ашык үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, Ош облусу боюнча 28 миң үй-бүлө аярлуу катмар деп саналат.

"28 миңдин катарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун катышуучулары, афган согушунун катышуучулары да бар. Бүгүнкү күндө 52 миңден ашык үй-бүлөгө жардам берилди. Бул токтобой улана берет. Кээде бир үй-бүлөгө эки-үч булактан жардам берилип калган учурлар болуп жатат. Биз жардам берген демөөрчүлөргө кайрылып, аны көзөмөлдөөгө алдык. Анткени бир үй-бүлө эки-үч булактан жардам алса, кошунасы эч нерсе албай калып жатат", - дейт ал.

Жылкыбаев маалымдагандай, мамлекет тарабынан 1 миң 300 тонна ун бөлүнгөн. Анын 900 тоннасы Ноокат, Өзгөн райондоруна ташылып бүттү, Кара-Суу, Алай, Чоң Алайга ташылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий