• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто балдардын жайкы лагерлери ачылат

Аймак 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Ош шаарында мектептерде жана атайын мекемелерде күндүзгү жайкы лагерлер ишке кирет.

Ош шаардык мэриясы билдиргендей, лагерлер 12-июндан тарта балдарды кабыл ала баштайт.

Балдар үчүн жайкы лагерлер эс алууга гана эмес, өнүгүүгө да өбөлгө түзүп, алар үчүн ал жактарда ар кандай сынактар, экскурсиялар, сууга түшүү, спорттук оюндар жана маданий иш-чаралар уюштурулат.

Ошондой эле, коомдук уюмдардын катышуусу менен шайыр, кызыктуу программалар өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, шаардагы “Жеткинчек” лагерине балдардын эс алуусуна квота алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Ошондой эле, Ош шаарынын мэриясынын жаштар комитети тарабынан 500 аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына эс алуу лагерлери уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий