• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Баткен облусундагы эмдөө бөлмөлөрү үчүн жабдыктар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 23.12.23./Кабар/. Баткен облусундагы эмдөө бөлмөлөрү үчүн атайын жабдуулар тапшырылды. Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Ведомствонун маалыматына караганда, жабдыктар Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай коому тарабынан берилди. Жалпы суммасы 1 млн 556 миң 450 сом.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай коомуна жана анын президенти Чыңгыз Жакиповго республиканын саламаттыкты сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирип, кыргыз элинин саламаттыгы үчүн мындан ары да жемиштүү кызматташууну улантуу ниетин билдирди.

Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай коому иммунизациялоо маселелеринде калкты социалдык мобилизациялоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө активдүү катышып келет.

Учурда Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай Федерациясынын колдоосу менен Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому “COVID-19 пандемиясынын учурунда гуманитардык ишмердүүлүккө ишенимди бекемдөө” долбоорун ишке ашырууда.

Бул долбоордун алкагында Баткен облусундагы эмдөө кабинеттерине 15 даана балдардын боюн өлчөгүч, 15 даана балдардын салмагын өлчөөчү тараза, 15 даана полго орнотулуучу балдардын боюн өлчөгүч, 50 даана бактерициддик лампа, 15 даана бактерициддик нурландыргыч, 15 даана манипуляциялык стол, 15 даана кушетка, 15 даана жалаяктоочу стол, 15 даана шкаф сатылып алынды.


Маалымат үчүн: Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому саламаттыкты сактоо, калктын аярлуу катмарына социалдык жардам көрсөтүү, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу сыяктуу түрдүү тармактарда иш алып барган гуманитардык уюм. Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому саламаттык сактоо системасын офтальмологиялык жабдуулар, ошондой эле эмдөө бөлмөлөрү жана инкубаторлор үчүн жабдуулар менен камсыз кылууда жалпы суммасы 58 млн сомдон ашык колдоо көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий