• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткен облусунун 25 жылдыгына карата 25 объект ачылды – тизме

Аймак 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Баткен облусунда 25 социалдык жана жаа өндүрүш объектилери ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Объектилер Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата пайдаланууга берилди. Алар:

  • Баткен Электр тармактар ишканасынын административдик имараты;
  • Баткен шаарындагы 7 кызматтык турак үйлөр;
  • Баткен шаарынын борбордук стадионундагы спорт зал;
  • Баткен шаарынын “Жеңиш” эс алуу багындагы рестпоинт;
  • Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы спорт зал;
  • Баткен районунун Мадыген аймагындагы бийиктиктен кароо аянтчасы;
  • Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн административдик имараты;
  • Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы спорт зал;
  • Кадамжай районундагы агрохимия лабораториясы;
  • Кадамжай шаарындагы логистикалык борбор;
  • Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагындагы “Жаш Талимтай” балдар;
  • Кадамжай шаарындагы 8 кызматтык турак үйлөр;
  • Кадамжай шаарынын аймагындагы “Улыбка” балдар бакчасы;
  • Кадамжай районунун Ормош айылындагы логистикалык борбор;
  • Лейлек районунун Бешкент айылындагы “Лайли” орто мектеби;
  • Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы “NOVA” мектеби;
  • Раззаков шаарындагы 5 кызматтык турак үйлөр;
  • Лейлек районунун “Саркент” жаратылыш паркындагы 3а-фрейм үйлөрү;
  • Лейлек районунун Максат айылынын административдик имараты;
  • Лейлек районунун Кара-Суу айылындагы маданий борбор жана тигүү цехи;
  • Сүлүктү шаардык электр тармактар ишканасынын административдик имараты;
  • Сүлүктү шаарындагы аялдардын сырткы кийимин тигүүчү цех;
  • Сүлүктү шаарындагы килем токуучу цех;
  • Сүлүктү шаарында брекет чыгаруучу ишкана;
  • Кызыл-Кыя шаарындагы 6 кызматтык турак үйлөр.

Пикир

Оставить комментарий