• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Ош: №5 тергөө изоляторунда масштабдуу оңдоо иштери башталды

Аймак 0


Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторунда масштабдуу оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.

Оңдоо иштери алгач ички канализацияны жаңылоодон башталды.

“Анткени мекеме советтик мезгилден калган чоюн түтүктөр менен жабдылган. Көп жылдан бери үзгүлтүксүз иштөөдөн улам чирип кеткен. Саркындылар акырындап дубалга сиңе баштаган. Нымдуулук акырындап дубалга сиңип отуруп, шыбактары урай баштаган. Азыр көрүлгөн оңдоо иш-чаралардан кийин дубалдар кургай баштады”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда режимдик имараттарда башка оңдоо иштери кызуу жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий