• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ат-Башыда тоңгон Кел-Суу көлүндө фестиваль өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.02.24./Кабар/. Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүндө "Кел-Суу кышы" аталышындагы биринчи фестиваль өттү.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, фестивалда тоңгон көл үстүндө коньки менен бий бийленсе, улуттук баалуулуктарды даңазалоо багытында табият кучагында улуу баяндан баштаган комуз күүлөр жаңырып, обондуу ырлар аткарылып ага күбө болгондорго өзгөчө маанай тартууланды.

Фестивалдын негизги максаты - кышкы Кел-Суу көлүнүн кооздугун жалпыга таанытуу менен эс алуучуларды сөз болгон көлдү көрүп кетүүгө чакыруу болуп саналат.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, биринчи жолу өткөрүлгөн бул саамалык мындан ары дагы өткөрүлүп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий