• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Баткен облусунун аймагында ишкерлер менен жолугушуулар өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында ишкерлер менен жолугушуулар өтүүдө.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, өкүлчүлүктүн алдындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлөрү жер жерлерде ишкерлер менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Жолугушуунун максаты ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ишкерлер менен мамлекеттик органдар жана муниципалдык түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалогду калыптандыруу, ошону менен бирге облустагы ишкердикти өнүктүрүүгө тоскоол болгон маселелерди аныктоо, көйгөйлөрүн чечүү жолдорун издөө болуп саналат.

Бул жолугушууларда көтөрүлгөн маселелер кеңештин 4 отурумунда күн тартибинде каралат.

Мындай жолугушуу буга чейин Сүлүктү, Раззаков, Баткен шаарында өттү.

Район, шаар башчылары жана башка бардык тийиштүү жетекчилердин катышуусундагы жолугушууда, ишкерлер өз суроолору менен кайрылып, кеп-кеңештерди алса болот.

Пикир

Оставить комментарий