• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде бажычылар Тажикстандан чыгарылган аткезчилик жүктү кармашты

Аймак 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Баткен облусунда наркы жарым миллион сомдон ашык контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Оперативдүү" бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарында, КР жараны Б.Э.А. башкаруусундагы "Mercedes-Benz Sprinter 412" үлгүсүндө унаа текшерүүгө алынган.

Унааны текшерүү учурунда Тажикстандан чыгарылган 100 түрмөк өлчөмүндөгү изоляцияланган монтаждык кабельдер – товар табылган. Жүк бажылык тариздөөнү өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок болгон. Кармалган товардын орточо базар баасы 560 миң сомду түзгөн.

Бул мыйзам бузуу тиешелүү органда каттоого алынып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий