Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында жер титиреди, - деп кабарлайт КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 11-майда саат 16:26да Баткен облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Кадамжай районунун Жаны-Коргон айылында жана Айдаркен шаарында, Баткен районунун Сары-Талаа айылында 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий