• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Берлинде советтик аскер мемориалына гүлчамбар коюлду

Коом 0

Бишкек, 12.05.02. /Кабар/. 2020-жылы 8-майда Кыргыз Республикасынын ГФРдагы элчилиги Берлин шаарындагы Панков советтик аскер мемориалына Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 75 жылдыгынын урматына уюштурулган гүлчамбар коюу аземине катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, аталган мемориалдык комплекс, Трептов сейил багындагы жана Тиргартендеги мемориалдар менен бирге Берлиндеги Советтик армиянын жоокерлеринин жаркын элесине арналган негизги үч советтик аскердик мемориалдык комплекстеринин бири болуп саналат.

Панков мемориалында 1945-жылы апрель-май айларындагы Берлинге кол салууда курман болгон советтик жоокерлеринин эӊ ири саны, 13200 аскер жерге берилген.

Салтанаттуу аземде чет элдик мекемелердин башчылары, дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү жана аскердик атташелер, Германиянын коомдук уюмдары жана катардагы тургундары катышты.

Пикир

Оставить комментарий