Чамдаңыз! Эсептөө палатасы бош кызмат орундарына сынак жарыялады — тизме

Коом 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. КР Эсептөө палатасы бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына тандоо жүргүзөт. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматынан билдиришип, сынак палата төрагасынын чечимине ылайык өткөрүлүп жаткандыгын кошумчалашты.

Кызмат орундары:

1) Эсептөө палатасынын ички коопсуздук боюнча секторунун инспектору (У-Б) – 1 бирдик;

2) Эсептөө палатасынын аудит жана эксперттик-аналитикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча башкармалыгынын капиталдык салымдарга чыгымдар боюнча эксперттик-аналитикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча бөлүмүнүн курулуш боюнча мамлекеттик инспектору (Б-Б) – 2 бирдик;

3) Эсептөө палатасынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн МТ боюнча аналитиги (Б-Б) – 1 бирдик;

4) Эсептөө палатасынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн МТ боюнча башкы адис (У-Б) – 1 бирдик;

5) Эсептөө палатасынын иш кагаздарын жүргүзүү жана уюштурууну камсыздоо боюнча бөлүмүнүн эксперти (мамлекеттик тил, корректор/лингвист) – 1 бирдик;

6) Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн курулуш боюнча мамлекеттик инспектору (Б-Б) – 1 бирдик;

7) Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн курулуш боюнча мамлекеттик инспектору (Б-Б) – 1 бирдик;

8) Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн курулуш боюнча мамлекеттик инспектору (Б-Б) – 2 бирдик.

Бош административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөө үчүн тандоого катышууга талапкерлер мамлекеттик же расмий тилдерде төмөнкү документтерди берет:

  • жеке арызы (үлгү боюнча);
  • сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу баракчасы (үлгү боюнча);
  • өмүр баяны (үлгү боюнча);
  • паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн документтин түп нускасы аңгемелешүүдө көрсөтүлөт);
  • зарыл болгон кесиптик билимин ырастаган документтердин, эмгек китепчесинин нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
  • В2 же С1 деңгээлинде кыргыз тилин билүү жөнүндө сертификаттын нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • берилген күндөн тартып үч айдын ичинде колдонуу мөөнөтү менен соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.

Эсептөө палатасынан белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар тандоого катыша алышпай тургандыгын баса белгилешти.

Сынак тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз.

Пикир

Оставить комментарий