• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Күзөт кызматынын жетекчилиги өздүк курам арасында адеп-ахлактык өнүгүү боюнча лекцияларды өткөрүүдө

Коом 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилик курамы өздүк курам арасында адеп-ахлактык өнүгүү боюнча лекцияларды өткөрүүдө, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн ИИМдин Күзөт кызматынын борбордук аппаратында өздүк курам үчүн “Манас” эпосу жана анын өзгөчөлүктөрү аталышындагы окуу-лекциясы өткөрүлдү.

Иш-чарага ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов, Күзөт кызматынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Мелс Белеков, “Бакдөөлөт” фондунун президенти Мелис Мураталиев жана Күзөт кызматынын өздүк курамы катышты.

Окуу-лекциянын жүрүшүндө “Бакдөөлөт” фондунун президенти Мелис Мураталиев угуучуларга “Манас” эпосунун буга чейин айтылбай келген кызыктуу фактыларды белгилеп, ошондой эле дүйнөлүк чыгармалар боюнча токтолду.

Анын айтымында, "Манас" эпосу дүйнөдөгү жападан жалгыз жандуу эпос. "Көлөмү боюнча биринчи орунда турат, 80ге жакын варианты бар. Бир эле окуя ар кандай сүрөттөлүп айтылат", - дейт М.Мураталиев.

Белгилей кетсек, аталган лекциялар президенттин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий