• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектеги сейил бакта Europe Summer Fest Bishkek иш-чарасы өттү

Коом 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Бишкектеги "Ынтымак-2" сейил багында Europe Summer Fest Bishkek иш-чарасы өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында Кыргызстандын эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өттү. Чоңдор жана балдар үчүн ар кандай сынактар, атайын викториналык оюндар, спорттук оюндар жана пайдалуу семинарлар, футбол, баскетбол, регби, сүрөт тартуу, мода көргөзмөсү уюштурулду.

Ошондой эле санариптик, жаштар, жашыл, спорт аянтчасы жана эс алуу зонасы уюштурулду.

Иш-чара Германия, Франция, Эстония, Бельгия, Хорватия, Венгрия, Нидерланды, Финляндия жана башка Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин элчиликтери менен тыгыз кызматташтыкта уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий