• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жакында кыргыз-өзбек чек арасында 3 өткөрүү пункттун иши жанданат

Коом 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Жакында мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде 3 көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши жанданат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз тарап Жалал-Абад облусундагы "Бек-Абад" өткөрмө пунктун жана Ош облусундагы "Карабагыш" жана "Кара-Суу" өткөрмө пункттарын ачуу үчүн даярдады.

Азыркы учурда өзбек тарап өткөрмө пункттарды ачуу үчүн даярдоо иштерин жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий