• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясы: 12-кичирайондогу чуңкур толтурулуп, көп жылдык бак-дарактар отургузулат

Коом 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Бишкектин Жукеев-Пудовкин жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги чуңкурду толтуруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чуңкур толтурулган соң ал жер жашылдандырылып, «Ысык-Көл» мейманкана комплексинин аймагында өскөн көп жылдык бак-дарактар отургузулат.

Белгилей кетсек, шаардыктар буга чейин чуңкурга курулуш таштандылары ыргытылып жаткандыгы боюнча даттанып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий