• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бажы кызматы КРнын “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамына түшүндүрмө даярдады

Коом 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратынын имаратында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинен Мамлекеттик бажы кызматына КРнын “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамына эки томдук түшүндүрмөсүнүн расмий тапшыруусу болуп өттү. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага МБКнын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев, бажы кызматынын ардагерлери жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлдөрү катышты.

КРнын “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамына (мындан ары – БЖСЖ) берилген түшүндүрмө бажы кызматынын ардагерлер тобу, МБКнын коллективи тарабынан даярдалып жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен чыгарылды.

БЖСЖнын алкагында колдонулуучу айрым түшүнүктөрдүн мазмунуна бирдиктүү мамилени калыптандыруу максатында, түшүндүрмө өзүнүн укуктук жөнгө салуунун алкагында эң көп талап кылынган терминдерди камтыган бирдиктүү түшүнүк аппаратты түзөт. Муну менен бирге түшүндүрмөдө көрсөтүлгөн түшүнүктөрдү колдонуу тиешелүү ченемдик актынын мазмунуна гана ыңгайлаштырылганын эске алуу керек.

Пикир

Оставить комментарий