Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Баткен облусунун башчысы үч окуучуга уюлдук телефон белек кылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Бужум айылынын, Шарап Токсонов атындагы орто мектебинин 1-классынын окуучусу Аббаз Абсаттаров, Баткен шаарынын Кызыл-Жол орто мектебинин 2-классынын окуучусу Ашимбаев Хамза жана Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу Адилет Бөрүбековдор, ыйгарым укуктуу өкүлдөн уюлдук телефондорду белекке алышты.
Балдар жаңы жыл майрамын утурлап, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кат жазып, жаңы жылдык белек сурашкан. Алар каттарында, пандемия шартындагы онлайн сабактар үчүн уюлдук телефон зарыл болуп жатканын жазышкан.
Өкүл балдардын кыялын орундатуу максатында, ар бирине алардын күткөн белектерин тартуулап, балдарга бекем ден соолук, кең келечек каалады.
Пикир
Оставить комментарий