• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облусунда күндүзгү стационар үчүн 1,5 миңден ашуун орун даярдалды

Аймак 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Ош облусунда күндүзгү стационар үчүн 1,5 миңден ашуун орун даярдалды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алдын ала камдалган жайлар пневмония оорусу менен ооруган жарандарга ооруканаларда орундуктар жетпей калса, медициналык жардам көрсөтүү максатында пайдаланылат.

"Учурда Алай районунда - 100 , Кара-Кулжа - 106, Кара-Сууда - 190 , Өзгөн районунда - 220 , Чоң-Алай районунда - 100, Араван районунда - 45, Ноокатта - 435 керебеттүү күндүзгү стационар даяр болду жана алгачкы бейтаптар жардам алууда. Буга чейин эле облустун аймагында обсервация үчүн 1 910 орун даярдалган. Ал эми ооруканаларда изоляция үчүн 730 керебет даяр, учурда илдетти жуктуруп алгандар дарыланып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий