• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ысык-Көлдө балык уулаган браконьер кармалды

Аймак 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен Түптүн 21 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, браконьер 10-августта облустук туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Кармалган И.А., аттуу жарандан далил катары үйлөмө резина кайыгы, 3 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана мыйзамсыз кармалган 19 даана балык, анын ичинен 17 даана «Карась» жана 2 даана «Судак» балыктары алынды.

Аталган факты боюнча материалдар Түп РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, келтирилген чыгымды аныктоо үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга жолдомолор жөнөтүлдү.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий