• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Баткен облусунун башчысы селден кийинки абалды жеринде көзөмөлдөөдө

Аймак 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн эрте менен Кадамжай районундагы сел жүргөн Исхак Полотхан айыл аймагына барды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы алгач селге агып каза болгон Жеңиш айылынын 5 жаштагы тургуну Саидазим Илхамовдун үй-бүлөсүнөн кабар алып, көңүл айтты.

Андан кийин селден жабыркаган ар бир үйгө кирип,тургундар менен жолукту. Жеринде райондун жарандык коргонуу кызматы менен жыйын өтүп, тапшырмаларды берди. Ыйгарым укуктуу өкүл сел кесепеттерин жоюуда күйүүчү май, күч каражат, техника маселе болбой турганын айтып, ар тараптуу колдоолор уюштурулганын белгиледи.

Учурда аймакта жарандык коргонуу кызматтары селден тазалоо иш-чараларын жүргүзүшүүдө. Жергиликтүү тургундар да тазалоо иштерине активдүү катышууда.

Белгилей кетсек, кечээ күнү келген селден улам Кадамжай районунда 1 миңден ашуун жаран коопсуз жайга эвакуацияланган.

Пикир

Оставить комментарий