• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдөгү кум айкелдеринин жардамы менен туристтер Кыргызстандын тарыхын үйрөнүшүүдө

Аймак 0


Бишкек, 20-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарында 15-июлда “Кыргызстан замандаштарынын көзү менен” деген темада кумдан жасалган айкелдердин шаарчасы ачылды. Бул эмгектер Адеп, ыйман жана маданият жылына арналган.

Кум шаарындагы укмуштуудай айкелдерге күбө болгон турист Николай Ефримов “Кабар” маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү айтып берди. Мен үчүн эң бир ажайып кооз жер Ысык-Көл, капчыгайлардан кийинки эле жер кум шаарчасы болду. Мен мындай кооздукту көрөм деп ойлогон эмесмин. “Албетте мен Ысык-Көлдүн жаратылышына суктанып жатам, бирок кум шаарчасынан мага өтө кызык болгон образдарды көрө алдым. Уюштуруучулар кыргыз элинин тарыхын ушул кумдан жасалган айкелдердин жардамы менен бере алышыптыр”,-дейт турист.

Кумдан жасалган айкелдерге кызыккан Ефримов алардын тарыхын изилдей баштаганын билдирди. Ага өзгөчө атын тоодон көтөрүп өткөн Кожомкул баатырдын, Манастын жана Жусуп Баласагындын образдары жаккан. Эскерте кетсек, аталган шаарча 10-сентябрга чейин ачык болот.

Пикир

Оставить комментарий