• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Баткен облусунун башчысы шаар тургундары жана ишкерлер менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов Баткен шаарынын эли жана ишкерлери менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Жолугушууга тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышып, көтөрүлгөн маселелер боюнча суроолорго жеринде жооп берилди.

Жашоочулар таза суу, канализация, турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү, бала бакча куруу, базарды, автобекетти жылдыруу, жол тыгындарын чечүү, эс алуу парктарынын курулушун тездетүү маселелерин көтөрүштү.

Ошондой эле ишкерлерди колдоо, таштандыдан арылуу, шаардын инфраструктурасын чыңдоо, экономикасын көтөрүү боюнча сунуш пикирлерин ортого салышты.

Облус башчысы жашоочуларды шаарды иретке келтирүүгө жоопкерчиликтүү мамиле жасоого үндөп, ар бир тургун өз кызыкчылыгын эмес, жалпы шаардын тургундарынын ыңгайлуулугун эске алуу менен тазалыкты, тартипти сактап, мыйзам чегинде иш алып барууга чакырды.

Ошондой эле ал "Дыйкан" базары "Биримдик" базарына жыла турганын, турак жай маселеси "Менин үйүм" мамлекеттик ипотекалык программанын негизинде чечилерин, шаардагы иретсиз курулуштар алынып, башаламан соода жүргүзүүгө жол берилбей турганын айтты.

Жыйынтыгында тургундарды шаарды иретке келтирүү менен өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды.

Белгилей кетсек, ыйгарым укуктуу өкүлдүн эл менен жолугушуулары ар бир район жана шаарларда уланат.

Пикир

Оставить комментарий