• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда жаӊы жыл майрамынын алдында түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.12.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында милиция тарабынан жаӊы жыл майрамынын алдында алдын алуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери уурулуктардын алдын алуу максатында мал базарларда, эл көп топтолгон жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Кышкы оюн-зоокторду уюштурууда, тоодон жылгаяк тебүүдө этият болуу керектигин эскертишти.

Ал эми Тогуз-Торо милициясы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте соода жайларында пиротехникалык каражаттардын сатылуусун көзөмөлгө алышты. Жаӊы жылга жакын өрт коопсуздугун сактоо, ар түрдүү катуу үн чыгаруучу каражаттарды сатпоо керектигин айтышты.

Мындан сырткары, Жалал-Абад шаардык милициясынын кызматкерлери №1 кесиптик лецейинин студенттери менен жолугушту. Жолугушууда рекетчилик, талап тоноочулук, уурулук, зордуктоо кылмыш экени айтылып, топтошуп мушташуунун арты жамандык менен аяктай тургандыгы белгиленди. Кыздарга өзүнчө лекция окулуп, эрте турмуш куруу, түн ичинде көчөгө чыкпоо керектиги эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий