• 87
  • 90.59
  • 0.87

Баткен облусунун башчысы Жаңы-Жер айыл аймагынын эли менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 24.11.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын тургундары менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда тургундар турак жай салуу үчүн жер тилкесин берүү, жаштар үчүн жумушчу орундарды түзүү, Интернационал, Оочу айылдарынын жолун оңдоо, Достук айылынын жолуна асфальт төшөө, көмүр баасын турукташтыруу маселесин көтөрүштү.

Ошондой эле тургундар республикалык бюджеттен Баткен облусун өнүктүрүүгө бөлүнгөн 500 млн сомдун алкагында сугат суу берүүнү жакшыртуу боюнча долбоорлорду колдоп берүүнү суранышты. Облус башчысы бул боюнча айыл өкмөтү жана суу чарба мекемесинин башчысын, долбоор менен кабыл алуусуна барууну тапшырды.

Маалым болгондой, Жаңы-Жер айыл аймагы боюнча 280 гектар жерди трансформациялоо боюнча сунуш берүү үчүн документтери даярдалууда. Сунуш колдоо тапса тургундарга жер берилет.

Ал эми Интернационал жана Оочу айылдарынын жол маселеси, айылдар чек арага чектеш жайгашкандыктан, эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо боюнча комиссиянын макулдашууларына ылайык, чек араны тактоо иштери аяктаган соң, курулуш иштери жүргүзүлөт.

Достук айылынын 2 чакырым жолуна асфальт төшөө боюнча айыл өкмөтүнө сунуш берүү тапшырылды. Райондук жана облустук өнүктүрүү фонддорунан каражат бөлүнүп, келерки жылы асфальттоо иштери жасалат.

Ал эми көмүрдүн баасы боюнча облус башчысы, калкты көмүр менен камсыз кылуу боюнча тийиштүү тапшырмалар берилгенин, бааны туруктуу кармоо боюнча атайын баалар бекитилгенин айтып, айыл өкмөтү тийиштүү кызматтар менен бирге иш алып баруусун милдеттендирди.

Жолугушууда айыл аймак эли быйылкы жылы аймакта сугат суу пайдаланууда жылдагыдай көйгөйлөр болбогонун, жакшы шарттар түзүлүп, үзгүлтүксүз суу берилгенин айтып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиришти. Облус башчысы суу чарба мекемесинин кызматкерин сыйлыкка сунуштоону жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына дайындады.

Пикир

Оставить комментарий