• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Баткен облусунун эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуусу талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев ПАТРИП фондунун төрагасы Александр Бор баштаган Ага-Хан, USAID, Актед, Мерсико уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган делегация менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тараптар ар тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Облус башчысы өз сөзүндө аталган уюмдардын облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга кошкон зор салымдарын белгиледи.

"Бул жолугушуу биздин кызматташуубуздагы дагы бир маанилүү этап болуп саналат, Сиздер менен ишенимдүү өнөктөш катары, дагы алдыда пайдалуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырабыз", - деди ал.

Жыйын катышуучулары эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоо жана биргелешкен аракеттерди жалпы максаттарга жетүү үчүн багыттоону макулдашышты.

Өзгөчө билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртууга, балдар үчүн заманбап технологияларга жана инновациялык билим берүү ыкмаларына жетүүнү камсыз кылууга багытталган иш аракеттер, келечек муунга жакшы окуу чөйрөсүн түзөөрүн белгилешти.

Андан сырткары климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу бардык тармактарды адаптациялоо, инфраструктурны чыңдоо багытында мүмкүнчүлүктөр каралды.

Пикир

Оставить комментарий