• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткен облусунда 5 миңге жакын адам катышкан ишембилик болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.08.20. /Кабар/. Эгемендүүлүк майрамын утурлай, бүгүн, 29-августта Баткен облусунда ишембилик болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишембиликке жалпы мекеме-ишканаларда эмгектенген 4700 кызматкер катышты.

Бул күнү облус аймагында мекеме-ишканалардын айланасы, көчөлөр, парктар тазаланып, таштандылардан арылды. Ошондой эле имараттар, бак-дарактарды актап-сырдоо жумуштары жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий