• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Баткен облусунун 25 жылдык маарекесин белгилөөгө активдүү катышкандар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык маарекесин белгилөөдө активдүү катышкан кызматкерлер сыйланды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Сыйлыктарды президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, облус активи катышкан жыйында тапшырды.

Анда майрамдын маданий бөлүгүн, инвестициялык форум, илимий конференция, улуттук күрөш, 25 обьекттин ачылуу аземи сыяктуу иш чараларды уюштуруп өткөрүүдө, борбордук стадионду жасалгалоо, техникалык жактан камсыздоо, коомдук тартип, коопсуздук, маалымат каражаттарында чагылдыруу жаатында активдүү катышкан райондук, шаардык мекеме ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери өкүлдүн “Ардак грамота” жана “Ыраазычылык каты” менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий