• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткен ооруканасына 3,5 млн сомго көрүү жөңдөмдүүлүгүнүн патологиясын текшерүүчү аппарат сатып алынды

Коом 0

Ош, 1-март /Кабар/. Баткен облустук ооруканасына 3,5 млн сомго көрүү жөңдөмдүүлүгүнүн патологиясын текшерүүчү аппарат сатып алынды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Аппаратты тапшыруу салтанатына КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев катышты.

Бул Кыргызстандын түштүгүндөгү көздүн көрүү жөндөмдүүлүгүнүн патологиясын аныктоочу жалгыз аппарат болуп саналат. Жергиликтүү дарыгерлер аппаратты колдонуу боюнча 2 жумалык окутуудан өтүштү.

Ошондой эле, аларга аппаратты колдонууда алгачкы жардам көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынан дарыгер-кеңешчилер келишкен. Аппарат “Кызыл крест” жана “Кызыл жарым ай” эл аралык уюмдарынын каржылык колдоосу менен алынган.

Пикир

Оставить комментарий